Эми Өзбекстанда медайымдар бейтаптарга велосипед менен барып, медициналык жардам көрсөтө башташат

Эми Өзбекстанда медайымдар бейтаптарга велосипед менен барып, медициналык жардам көрсөтө башташат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул аракеттер жарандарды ыкчам медициналык биринчи жардам менен камсыз кылууга багытталган.

"Ташкент облусуна караштуу Куйичирчик райондук ооруканасы бейтаптарга биринчи ыкчам медициналык жардам көрсөтүү максатында "Велосипедчен медайымдын колдоосу" кызматын уюштурган. Колдоочу медайымдын жумушун жакшыртуу үчүн аталган райондун жергиликтүү бийлигинен 22 велосипед бөлүнүп берилди. Учурда 81 колдоочу медайым райондо жашап жаткан 104 миң 248 жаранды тейлеп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Медайымдардын билдирүүсүндө, колдоочу кызматындагы жаңы шарттар менен бир топ убакыт үнөмдөлүп жатат. Мурда бир чакырууга бир жарым саат убакыт кетсе, азыр жалпысынан бейтапка жардам көрсөтүү убактысы 35 мүнөттү түзүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, алгач велосипед менен ыкчам медициналык колдоо көрсөтүү Улуу Британияда 2000-жылы ишке ашкан. Анда жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде велосипед "Тез жардам" унаасынан бейтаптарга убактысы боюнча бат жеткени 88 пайызды түзгөн. Андан сырткары велосипед менен жардам көрсөтүү кызматында акча каражаты да үнөмдөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Paprikafm
2018-02-18 11:25:57
Биздикилер велосипед эмес, маршурткада жургондон уялышат, озбек кошуна мындай темпте кетсе бат эле бай олколордун катарына кирет
+20
fortuna-fortuna
2018-02-19 13:19:42
Paprikafm,ооба. Кошулам. Кыргыз Эли качанкы Эл, тарыхы бай Эл, бирок азыр 7 млн калкы бар. Ал Эми озбек Эли 30 млн калкы бар. Тарыхы кызгыздардыкындай эмес. Ушундан эле ойлонсок болот...
0
Atas
2018-02-18 12:03:51
Электрический болсо керек
+2
bekub1473kg
2018-02-18 12:27:38
Кудай буйруса бизда онугобуз биз эн бай мамлекет болобуз
+7
Azatbek83
2018-02-18 15:10:48
bekub1473kg,Жазуу турундобу? Ооба угуп эле жатабыз а бирок иш жузундо качан болот экен? Акылдуу шаар,40 кадам,кочун улайт,35 корупционерлер!
+2
bond02
2018-02-18 13:40:43
велосипед менен журуп медайым озу оорукчан болот го, тико менен десе жакшы болмок.
+2
RusMos76
2018-02-18 14:40:21
bond02,велосипед ден- соолука пайдалуу.
+5
AKCAHAT
2018-02-18 16:04:36
bond02, оорукчан болсо Европанын чиновниктери мн эли жашабай калмак эмдигиче))))) тескересинче ден соолука, чонтоко, айлана чойрого, табыятка да пайда эмеспи?
+4
didu
2018-02-18 13:43:53
эн жакшы
+1
jbolotov
2018-02-18 18:37:38
Аллах раазы болсун Мирзиеевке. Жакшы реформадарды кылып атат.Озбек товарларын Жапонияга АКШга Кытайга сатып атышыптыр. Биздин Жээнбековда ойгоноор ушуларды коруп.
+4
evidens
2018-02-19 01:07:48
Оор бейтап болсо.алдына учкаштырып алат бекен великте келдим эле деп....
+1
Akyl78.1501
2018-02-19 10:13:26
Коро албагандар куйуп жанып кетсин ха ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан