Түркмөнстанда мамлекеттик дүкөндөр коммуналдык кызматтардан карызы бар жарандарга ун сатпай жатат

Түркмөнстанда жаратылыш газы жана электр жарыгынан карызы бар жарандарга мамлекеттик дүкөндөр ун сатпай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, дүкөндөр сатып алуучулардан үйүндөгү коммуналдык эсептегичтери тууралуу документти да талап кылышууда.

"Ким жогоруда аталган тактама жана документтерди көрсөтпөсө, анда ал жаранга ун сатылбайт. Өлкө аймагындагы кээ бир райондордо 2 айдан ашуун убакыттан бери унга болгон баанын өсүшү жана дефицити байкалган. Мындай чектөөлөр жергиликтүү же Казакстан менен Иран өлкөлөрүнөн алынып келген буудайдан өндүрүлгөн унга киргизилип жатат. Анткени мамлекеттин көзөмөлүндөгү дүкөндөр аталган продукцияны арзан баада сатышууда", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле учурда мындай чектөөлөргө карата жарандар нааразычылыктарын билдирип, жергиликтүү бийликтин астына чогулуп жаткандыгы маалымдалат. Бийлик элди тынчтандыруу максатында атайын түшүндүрүү иштерин аксакалдар кеңешинин жардамы менен жүргүзүп, милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jarkyn_jakta_jasha
2018-02-18 14:31:49
Туркмонстанда газ менен светти бекер дешчу беле?
+2
tular
2018-02-19 01:53:33
jarkyn_jakta_jasha, свет менен газ бекер, бирок белгилуу бир чектен ашса толошот
0
beka1207
2018-02-18 18:53:25
Ушул Туркменстан да Тундук кореяга окшоп баратат
0
bazar
2018-02-18 21:39:11
Демек бекер эмес экен да
0
tular
2018-02-19 01:55:19
Мисалы бизде 700 кВт ашса 2,16 сомдон толойбуз го, 700 кВт га чейин 0,77 сом. Аларда болсо 700кВт га чейин толошпойт
0
Stvol91
2018-02-19 12:21:23
Туркмөн башы калкын кыйнадыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан