Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, муфтий чет жерде эмгектенген мекендештерибизге дин боюнча сабак өтүп, алардын суроолоруна жооп берген.
Андан сырткары Максатбек Токтомушев Орусия Федерациясынын Свердлов облустук Думасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Сухов Анатолий жана Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн экинчи секретары Рамил Шамсутдинов менен жолугушкан. Анда жаштарды туура багытта тарбиялоо, ар кандай терс агымдарга кирип кетпеши үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу бир катар маселелер каралган.