Сапар Исаковго Кыргыз жеринде таэквондо спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн кара кур жана жетинчи дан ыйгарылды

Сапар Исаков премьер-министрдин Кубогуна арналган таэквондо боюнча турнирге катышты. Турнир Кореядан Кыргыз өлкөсүнө келген делегациянын сапарынын алкагында өтүүдө. Делегациянын катарында таэквондо боюнча үч жолку Дүйнө чемпиону, 2012 жана 2016-жылдары өткөн Олимпиада оюндарынын байгелүү орундарынын ээси Ли Дэ Хун да келген. Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөт башчы Сапар Исаковго Кыргыз жеринде таэквондо спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн кара кур жана жетинчи дан ыйгарылды.

"Премьер-министрдин Кубогу бул дүйнөлүк таэквондо кыймылына мүчө экенибизди далилдеп турат. Учурда 200дөн ашык өлкө спорттун бул түрүн пропаганда кылып жатат. Ал ар бир адамды мекенди сүйүүгө жана патриотизмге тарбиялайт", - деди Исаков иш-чаранын жүрүшүндө.

Турнирдин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн, Кореянын жана Казакстандын спортчулары күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ernis_07
2018-02-19 02:17:11
Башта кайда экен тообо ал өз ишин кылып атат эмнеге премьер министр кылып шайлаган эл
-3
real8585
2018-02-19 05:19:07
Жаман жаман эле дейле бербей окмоттуу, жакшы жагын да айтпасак болбойт. Жакшы жагын жакшыдеш керек, жаштарга басым жасаганына.
+2
MUHLISA
2018-02-19 09:29:41
Сапар Исаков го Ийгилик!
-1
Nevestkaa
2018-02-19 09:46:53
Канча жашта премьерибиз,11-классты жаңы бүткөн баладай эле жапжаш бойдон го.
+1
sladkaja_konfetka
2018-02-19 10:08:34
Nevestkaa, 1977-жылы туулган 41 жашта
+1
Aika96
2018-02-19 10:30:41
Биздин премьер черный пояс 7 дан деп Кыргызстандын намысын коргоп кел деп жонотсок мелдештен жениш менен кайта алабы же бут менен урулган соккунун шамалына ээси ооп антарылып кайтып келеби...)))
-1
Aruwka.89
2018-02-19 11:18:44
Красапчик ушу биздин премьерибиз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан