Дагестанда масленица майрамы учурунда ок атылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, окуя Дагестандын Кизляр шаарында болгон. Анда белгисиз адам масленица майрамын белгилеп жаткан тургундарга келип ок чыгарган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.
Кылмышкер ошол эле жерде полициянын огунан жан берген. Учурда кылмышка шектүүнүн аты-жөнү белгилүү болду. Ал ошол эле шаардын 1995-жылы туулган тургуну болгон.