ЖЫЛНААМА, 19-ФЕВРАЛЬ: 6 жыл мурун белгилүү балетмейстер Уран Сарбагышев каза болгон

Белгилүү балетмейстер Уран Сарбагышев 1934-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1955-жылы Ленинграддан хореографиялык окуу жайды бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет бийчиси болуп ишке киришет. Тез аранын ичинде Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Тугелов, Эркин Мадемиловага окшогон алдыңкы бийчилердин катарында "Ак куу көлү", "Жизель", "Ромео менен Жульетта", "Корсар", "Бахчысарай фонтаны", "Дон Кихот", "Спартак", "Дон жуан" балеттеринде башкы каармандардын ролун абдан чебер аткарып, жеке эле Кыргыз өлкөсү эмес, чет элдерге да кеңири таанымал болгон.

1966-жылдан баштап ал опера жана балет таетрынын башкы балетмейстери болуп кызмат кылган. Ошондон бери кыргыз балетинин ийгиликтери Уран Сарбагышевдин ысымы менен байланыштуу болгон. Бул жылдардын ичинде ал "Асель", "Прометей", "Спартак", "Куйручук", "Макбет", "Томирис", "Миң бир түн", "Маңкурт жөнүндө баян", "Бастилия", "Корсар", "Дон Кихот", "Вена токоюнун жомоктору" балеттерин сахнага чыгарган.

Балетмейстер Уран Сарбагышев койгон Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча жазылган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө коюлган.

Атактуу бийчи Уран Сарбагышевдин Кыргыз маданиятына кылган кызматы жана сиңирген эмгеги өз убагында татыктуу баасын алган. Ал "Ардак белгиси" орденинин, "Эмгек ардагери", "Даңк" медалдарынын ээси, СССР мамлекеттик сыйлыгынын жана Бүткүл союздук балет бийчилеринин жана балетмейстерлердин конкурсунун лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти.

2012-жылы 19-февралда 78 жашында каза болгон.

19-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан