Жогорку Кеңештин расмий интернет-сайтында Конституциянын эски редакциясы турат. Тактап айтсак, Баш мыйзамдын тексти акыркы жолу 2016-жылдын июнь айында сайтка жайгаштырылганы белгиленүүдө. Ал эми Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өтүп, бир топ беренелерге өзгөртүүлөр киргизилген.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу сайтка Конституциянын жаңы редакциясы кирбей калганын моюнуна алып, жакын арада сайтка жайгаштырыла турганын SUPER.KG порталына убадалады.
Эске салсак, 2016-жылы март айында Жогорку Кеңештин расмий сайтын 300 миң сомго жасоого тендер жарыяланган. Интернет-коомчулукта бул жаңылык катуу нааразычылык жараткан. Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы аталган сайт 2007-жылдан бери өзгөрбөй келгенин жүйө кылган.