Сооронбай Жээнбеков Иранда учак кырсыгынан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 19-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Иранда учак кырсыгынан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Ирандын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Иранда учактын кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм", - деп айтылат Жээнбековдун телеграммасында.

18-февраль күнү Тегеран-Ясуж багыты боюнча абага көтөрүлгөн учак Семиром шаарына жакын жерге кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен учактын ичиндеги 60 адам жана экипаждын 6 мүчөсү каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, учак абага көтөрүлгөндөн 50 мүнөт өткөн соң радардан жоголуп, андан соң кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан