Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдердин пенсиясын жогорулатууну сунуштап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде каралды.
Талкуу учурунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов мугалимдердин айлык маянасын көтөрүүгө мезгил келгенин айтты.
"Мугилимдердин жана медицина кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу керек. Өкмөт мугалимдердин айлыгына, пенсиясына келгенде эле каражат жок деп туруп калат. Жакында эле өкмөттүн сунушу менен депутаттар бажы кызматынын айлыгын көтөрдү. Биз ага каршы эмеспиз. Бирок биз ал жакта кандай коррупция бар экенин билебиз. 5 миллион сом түшкөн жерден жакшылап көзөмөл болгондо эле 15 миллион сом түшүп жатат. Ошондуктан коррупциялашкан салык, бажы кызматтарынын айлыгын көтөргөнгө караганда мугалимдердин маянасын көтөрүү жакшы болот эле", - деди Икрамов.