Президент милициянын катарын "погончон кубулмалардан" тазалоо ишин күчөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 19-февралда президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимине ылайык, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык, кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду.

Мындан тышкары мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды. "Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат", - деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловго милициянын катарын "погончон кубулмалардан" тазалоо ишин күчөтүүнү жана өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-02-19 17:23:23
Бул Атамбаевдин кароолчусунун колунан бирдеме келээр бекен? Текебаев буга суроо берип,бирине да жооп бере албай ит болгон эле )))
+2
amirrus
2018-02-19 20:46:31
погончон зоокурлорду жоготуу керек пакетин башына кийгизип
0
amirrus
2018-02-19 20:48:51
Акчасы барлар такыр коркбойт милициядан,себеби баарын сатып алса болот деп ойлошот.Бирок чындыгында баарынын баасы бар т.е.сатып алса болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан