Мурдагы депутат Жусупали Исаевдин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгынын себеби териштирилип жатат

Мурдагы депутат Жусупали Исаевдин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгынын себеби териштирилип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-февралда Баткен облусунун жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматчысы Чолпонбай Арстанбеков билдирди. Анын айтымында, факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси териштирүүнүн жыйынтыгында белгилүү болот.

"Факт боюнча кылмыш иши козголгон жок. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо тууралуу маселе анын жыйынтыгында белгилүү болот", - деди Арстанбеков.

Белгилей кетсек, 18-февралга караган түнү болжол менен саат 00:20 чамасында Лейлек районунун Рават айылында Range Rover унаасынын айдоочусу коюу тумандан улам жол четинде токтоп турган КамАЗды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан Жусупали Исаев оор жаракат алып, ооруканага алып баратканда каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан