Египетте күйөөсү шаурма алып бербей койгондугу үчүн жаш келин ажырашууга арыз жазды

Египетте үйлөнгөнүнө 40 күн болгон жаш жубайлардын ажырашуусуна шаурма себеп болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Ага ылайык, жаш келиндин айтуусунда, жолдошу өтө эле зыкым болуп, шаурма алып берүүдөн баш тартканы ажырашуунун негизги себеби болгон. Эки жаш ата-энелеринин макулдугу менен баш кошкон. Үй-бүлөлүк жашоо башталганда жолдошу жакшы мамиле кылып жүргөн. Бирок көп өтпөй жубайы анын чогуу сейилдеп келүү сунуштарынан күйөөсү баш тартып, ага болгон мамилеси салкындап баратканын байкаган.

"Салтка ылайык, биз ата-энебиздин макулдугу менен таанышып, баш кошконго чейин бир эле жолу көрүшкөнбүз. Бирок бир жолку жолугушууда ал адамдын зыкым экенин байкаган эмесмин. Тоюбуз өткөндөн кийин анын өтө сараң экенин билдим", - деген жаш келин.

Жолдошун сейилдөөгө көндүргөн күнү келин курсагы ачып кеткенин айтып, шаурма алып берүүсүн суранган. Бирок күйөөсү суусундук алып бергенин айтып, кайра-кайра акча коротпоону эскертип, шаурма алып берүүдөн баш тарткан. Мындан улам жаш келин ажырашууга бел байлаган. Учурда келиндин арызы кабыл алынып, жакынкы күндөрү сот отуруму болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aibars
2018-02-20 02:32:03
Мына сага, биздин кыздар мындай болушпайт шугур, боорсок, самсыны бир уй булоо тойо турган кылып уйдон эле жасап койот.
+23
trabzon11
2018-02-20 02:32:19
Олгону калганго аЯлы,, куйоосунун саран экенин мурун эле байкабайбы
-8
aziret-92
2018-02-20 03:10:12
Акчасы болсо сарандык кылбай алып берсе болмок,анткени аялы куйоого кундо тамагын жасап,кирин жууп кызматын кылат го.Акчасы жок болсо аялы деле тушунсо керек эле.
+23
Krai
2018-02-20 07:37:10
Куйоосу туура эле кылган
Бир кун орозо деле кармап атышпайбы чыдап турса болмок да эмне кереги бар ашыкча чыгымдын
-16
Kanubek87
2018-02-20 08:18:31
Ажырашпай эле аялыда тороп бербейм сага деп куйдурбойбу а 1 2 жыл
0
Rifle_I
2018-02-20 10:05:56
Kanubek87,төшөктөн качалбайт да
+1
Ayida
2018-02-20 08:30:37
Такыр эч нерсе алып бербей койсо керек бай болуп туруп.Анан аялы бул азыр эле ушинтет кийин балалуу болгондо вообще эч кийимда алып бербей койот деп ажырашканды каалаганго.Эгер кедей болгондода мындай кылбаса керек эле тушунуп ушу байда куйоо
+3
jypara1415
2018-02-20 11:44:31
Туура эле кылган аялы , курсагы ачып кетсе бир аялына сарандык кылган эркек , 3-4 балалуу болсо кууратат мукуратып . Кудайга шугур , 2-3тон баласын, аялын , жана ата - энесин жоктон бар кылып багып жаткан эркектерибиздин алтын башы аман , ден соолугу бекем жана тапканы берекелуу болсун !
+4
Айдай
2018-02-20 14:49:03
Туура кылат, андай саран менен омур бою ар бир кыймылын санап жашагандан коро.
0
xnurgul_gul
2018-02-20 15:00:03
Менин куйоом деле боюмда барында семичке жегим келип10сом сурасам бербей койгон досунун козунчо жалдыратып акчасы бар эле болчу болбосом таксавать этип журд эле ажырашпай эле журомгои
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан