Өлкөдө күнүнө кырк айдоочу мас абалында унаа айдагандыгы белгилүү болду

12-февралдан 18-февралга чейинки аралыкта өлкө аймагында 23 миң 566 айдоочу жол эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аларга карата административдик протоколдор түзүлүп, 1 миң 171 айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулду. Ал эми кармалгандардын 284ү мас абалда болгон. Бул көрсөткүч мас абалында унаа айдагандар күнүнө кыркка жеткендигин билдирет.

Дагы 495и унаасын туура эмес жайга токтоткондор. Ошондой эле 78 айдоочу унаасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн, 4 миң 807 айдоочу өздөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн курун пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган.

Ал эми калган 17 миң 902 айдоочу түрдүү жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жана текшерүү үчүн кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jasgul
2018-02-20 05:36:03
Ай Супер инфо, эмне силердин да уйкунар качканбы бейм ыя. Дааа, бул деген 40 кокустук болушу мумкун кун ичинде деген соз да. Рулга отурганда бироонун, озунун омурунордун коопсуздугун ойлогулачы айланайындар...
+1
rysik79
2018-02-20 06:31:39
Бул кармалып акчам жок дегендердин корсоткучу да. Анан 200 сом берип кеткени мындан эки эсеге коп. Кыскасы машине андыган иттер
+2
Arlenchik
2018-02-20 11:27:15
Ичип алып айдагандарды чон айыпка жыгып анан айдоочулук укуктан ажыратып салыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан