Кечээ, 19-февралда Сооронбай Жээнбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин Европа биримдигинин институттары менен өз ара активдүү аракеттенишип жатканын белгиледи. Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген шериктештик жана кызматташтык жөнүндөгү жаңы келишимди макулдашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнүн маанисине токтолду.
Мындан тышкары президент Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоо системин өркүндөтүү боюнча аракеттерин, социалдык программаларды, анын ичинде алыскы аймактардагы калкты таза суу менен камсыздоо долбоорун колдогону үчүн Европа биримдигине ыраазычылык билдирди.
Петер Буриан Европа биримдиги Кыргыз мамлекетинин ишенимдүү өнөктөшү экенин, парламенттик демократияны, мыйзамдын артыкчылыгын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган өлкөнүн аракеттерин колдой турганын белгиледи. "Биз сиздин аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап жатканыңызды байкап жатабыз. Бул жаатта так артыкчылыктуу багыттар аныкталганына оң баа беребиз", - дейт Буриан.
Жээнбеков Кыргыз өлкөсү элет тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү жана миграциянын агымын кыскартуу боюнча өнөктөштөрдүн жардамын жогору баалай турганын белгиледи. "Эл аралык донорлор менен болгон иште биз аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун колдоо маселелерине, анын ичинде Кыргыздын продукциясын Европанын рыногуна алып чыгуу дараметин арттырууга жана биринчи кезекте чакан, орто ишкерликке ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча артыкчылыктуу маани берүүгө ниеттенип турабыз. Биз Европа биримдиги тарабынан берилген өзгөчө жеңилдиктерди жогору баалайбыз", - деди мамлекет башчы.