Жалал-Абад шаарында инсульт, кант диабети, шишик ооруларынан жабыркап, ооруканадан чыгарылгандар үчүн реабилитациялык борбор ачылат. Бул тууралуу 20-февраль күнү SUPER.KG порталына "Кызыл жарым ай" коомунун Жалал-Абад шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Гүлжамал Жолдошова билдирди.
"Элдин аярлуу катмарына медициналык колдоо көрсөтүүнү көздөп жатабыз. Шаардык кеңешке жана мэрияга "Мамлекеттик кепилдик" программасынын негизинде дарыгерлердин кызмат акысын чечип берүү маселеси менен кайрылганбыз. Ушул маселени чечип берсе эле борбор өз ишин баштайт", - дейт ал.
Ал белгилегендей, реабилитациялык борборго кайрылгандардын 70 пайызы мүмкүнчүлүгүнө жараша тамак-аш, электр жарыгы үчүн төлөмдөрдү төлөшөт, ал эми 30 пайызы төлөөгө шартты жок жарандар болгондуктан акысыз кызматтан пайдалана алышат.