Сицилияда 10 жашар кызын сойкулукка мажбурлап жүргөн ата-эне камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сицилиянын Палермо шаарынын тартип сакчылары жол боюнда токтоп турган унаада секелек кыз менен жашы өтүп калган адамдын отурганын көрүшкөн. Унаадагылардын шектүү кыймылдарын байкаган тартип сакчылары аларды көзөмөлгө алууга өтүшкөн. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында 61 жана 78 жаштагы эки адамдын кыздын ата-энесине акча төлөп, аны менен жыныстык катнашка барып жүргөнүн аныкташкан. Ошондой эле эле кардарларды табуу, жолуктуруу кыздын энеси аркылуу жүргөнү, ар бир жолугушуу 25 еврого чейин бааланганы да белгилүү болгон.
Андан сырткары аталган маалыматта учурда окуяга катыштыгы бар адамдардын бардыгы камакка алынып, жабырлануучу кыз менен психологдор иштеп жатканы айтылат.