АКШда окуучулар курал-жарактар боюнча мыйзамдарды күчөтүү талабы менен акция өткөрүштү

Америка кошмо штаттарында окуучулар Ак Үйдүн алдында жерге жатып алып курал-жарактар боюнча мыйзамдарды күчөтүү талабы менен акция өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер бийлик өкүлдөрүнөн курал-жарактарды сатуу жана колдонуу боюнча мыйзамдарды күчөтүү талабын коюшкан. Акцияга 14-февралда Флоридада мектепте болуп өткөн ок аттуу себеп болгон. Ал окуяда 17 адам каза болуп 50дөн ашуун адам жаракат алган болчу.

Иш-чараны Элеонор Нехтерлайн жана Уитни Боуэн аттуу окуучулар уюштурган. Алар демилгесин социалдык тармактарга жарыялашып, кийин аталган демилгени көптөгөн адамдар колдошуп Ак Үйдүн алдына чогулушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2018-02-20 15:34:14
Туура акция!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан