Аксыда милиция кызматкери сүзүп, комада жаткан мугалим Жалал-Абад облустук ооруканасына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Медербек Осмонов билдирди.
"Жол кырсыгынан жабыр тарткан 35 жаштагы мугалим Жалал-Абад облустук ооруканасына атайын "Тез жардам" унаасы менен жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Учурда абалы жакшы эле, баш көтөрүп, көзүн ачып, эсине келе баштады", - дейт Осмонов.
Эскерте кетсек, 10-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болуп, дагы 2 мугалим жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилип, бирине операция жасалган. Ал эми унаасы менен мугалимдерди сүзүп кеткен Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.