Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майга болгон баа февраль айында кымбаттайт. Бул тууралуу Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, февраль айында күйүүчү майларга болгон баа 4 пайыздан 6 пайызга кымбаттай турганы айтылган. "Бул февраль айына гана тиешелүү болгон маалымат. Март айына карата баалар кандай болот, азырынча айта албайбыз", - деп билдирди нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматынан.
Учурда күйүүчү майга болгон баа мурункуга салыштырмалуу 20-50 тыйынга көтөрүлгөнү байкалган. Буга чейин бензиндин АИ-92 үлгүсү 41 сом 20 тыйындан сатылып келсе, учурда 41 сом 70 тыйын, 42 сомдон сатылууда.