Нарын шаарында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы бала табылды

Нарын шаарында 15-17-февраль күндөрү өткөрүлгөн "Лидер" рейдинин негизинде дайынсыз болуп жаткан 5 жашар бала табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз катчысы Медина Султангазиева билдирди.

"Лидер" аттуу рейддин алкагында шаарда изделип жаткан 5 жашар бала табылган. Буга чейин анын ата-энелери Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө уулунун дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз жазып кайрылган. Баланы арыз жазылгандан кийин шаардагы көчөлөрдүн биринен табышкан", - деп билдирди Султангазиева.

Айта кетсек, аталган рейддин жүрүшүндө Нарын шаарында түнкү компьютердик клубдарда ойногон 13 өспүрүм кармалып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2018-02-20 19:06:13
откондо Аламидин 1деги интернет клубта 2 журобериптир бир жаш бала анан таап алып урушуп жатыптыр байкуш ата энеси эки кун эси ооп издептир
+4
raykray
2018-02-20 23:01:28
Ошондо 5жаштагы балада комп.клубдан табылганбы
+1
aliakg90
2018-02-21 12:24:52
Клубдун ээлери кичинекей балдарды туну м.н ойнотуп акчасын алган учун жооп бериш керек. Эч бир ата эне туну мн ком ойногону жонотпойт ко баласын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан