Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Лейлек районунун акимине сөгүш жарыяланды

Баткен облусундагы Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков 14-февралда кол койгонун өкмөттүк аппараттан тастыкташты.

Маалым болгондой, акимге сөгүш жарыялоо 8-февраль күнү Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү бийлик деңгээлинде чара көрүлбөгөнү себеп болгон.

Белгилей кетсек, 8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салган. Ошондой эле Лейлек районунун Сада айылындагы көпүрө аркылуу өтө турган жолду жаап, чек арачылардын санын көбөйткөн. Кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өткөрүү бекеттери жана жол ачылган.

Сада айылынын 75 окуучусу Кулунду айылындагы мектепке барып окуп келүү үчүн сайга курулган темир контейнер аркылуу өтүп келишкен. Ал контейнер облустук администрациянын тапшырмасы менен коюлган болчу. 9-февралда аким Тажикстандын Гафуров районунун акими менен сүйлөшүп, жыйынтыгында темир контейнерди алып, анын ордуна чакан көпүрөнү убактылуу орнотушкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aman0296
2018-02-20 21:18:08
Согуш могуш дебей эле иштен бошотпойсунарбы. Ии анан "Сулуусун суулусун кыргыз жери" деген ырды ким ырдайт? Билгендер айтып койгулачы
+2
rysik79
2018-02-20 21:54:52
Ушул райондун ызы -чуусу бутпос б
-1
KG.Kushtarbek
2018-02-20 21:58:51
rysik79,н Али жерде кучтуу кыргыздар жашайт ошого Чыр бутпойт Жерин бербейин дейт
+6
Leilektik
2018-02-20 22:04:39
Жээнбеков бугун келди кутолукчу не озгорот ,суйлоп суйлоп койду сабыр кылалычы айткан созу менен кылган иши дал келеби жокпу,тажикстан менен чек арены тактамайынча уруша беребиз канга кан жанга Жан,баарынан 386миллионду тапкыла Ким жегенин
+7
Hanzada.sabih
2018-02-20 22:32:53
Чегараны оздору тактап алгандын ордуна,акимге согуш бергени кандай?аким барып аскерлерди киргизип койсо,чара корсо согуш баштадып кетпейби?оздлру талтандап жеп ичкенден баштары чыкпай эле,чегараны тактабай туруп(такташка кучу деле жетпесе керек,ляппай дегенге гана жарап калган биздин башчылар,тен ата суйлошко коркушат)ылдыйда тургандарга согуш бере берсе кандай жыйынтык чыгат?
-1
Azatbek83
2018-02-20 22:34:23
Силерге мода болуп калган окшойт согуш жарыялаган!Эзип сыгып койойун дейм кой дедим дебестен иштен айда куноосу коп болсо соттоп камагыла колунардан келбесе озунор жумушунарды тапшыргыла!!!
+1
scorp
2018-02-21 00:20:17
Креслону бошотуп кой дешпейби аябай эле
0
Uluk78
2018-02-21 08:23:22
Баткендин губернаторуна караганда лейлектин азыркы акими тажиктер менен тен ата суйлошот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан