Депутаттын "башкы инженердин 50 батири бар" деп айтканы боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" комментарий берди

Михаил КургановБүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров "Бишкек жылуулук тармагы" компаниясынын башкы инженери Михаил Кургановдун 50 батири бар экенин айткан. Депутаттын билдиришинче, аталган компания жылуулук тармагына туташтыруу үчүн ал ар бир объектиден бир батир алып турат.

Депутаттын айткандары боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" компаниясынын маалымат кызматы комментарий берди. Мекеменин маалыматына караганда, мындан бир жыл мурун да бул боюнча депутат Мирлан Бакиров тарабынан маселе көтөрүлүп, Башкы прокуратура жана Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясы текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында депутаттын айткандары аныкталган эмес.

"Объектилерди жылуулук тармагына туташтыруу жол-жоболору өкмөттүн 2016-жылы кабыл алган №171-токтомунда көрсөтүлгөн тартипте гана жүрөт. Мисалга алсак, акыркы эки жылда 160 объектини жылуулук тармагына туташтырууга техникалык кызмат көрсөтүлүп, алар төлөгөн акчанын көлөмү 420 миллион сом болгон. Курулуш компаниялары төлөнгөн акчадан сырткары да бир батир берет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Компаниянын техникалык кызмат көрсөтүүлөрүн укук коргоо органдары жана башка тийиштүү кызматтар жыл сайын текшерип турат", - деп билдиришти "Бишкек жылуулук тармагы" компаниясынан.

"Бишкек жылуулук тармагынын" расмий сайтына таянсак, Михаил Курганов учурда компаниянын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары кызматын ээлейт. Ал бул тармакта 1983-жылдан бери эмгектенип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Medinaa
2018-02-20 23:19:39
Үйсүздөргө берсе жакшы болмок!Озү жашабагандан кийин...
+3
ararat...
2018-02-20 23:34:34
Medinaa,Пейилиниз кенен кыз окшойсуз) Алганы чын болсо да бербейт да,ал дагы бизнес да озунчо...
+4
Dolbooruwka
2018-02-20 23:36:51
Оххооо 34 жылдан бери иштесе онор эмес го. Байлыкты го керегинче чогултту, бул керек болсо директору каалагандай калчайт турбайбы. Ыыыыы иш коп экен бул Михаил Кургановто мммммм!!!
+5
rysik79
2018-02-20 23:57:08
Курган доскенин болушо турган дан дан адамдары бар доляда отурган.
0
admin_superstan
2018-02-21 14:44:50
Ask094, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан