Салык органдары 19-февралдан тартып салык декларациясын эртең мененки саат 9дан баштап түн ортосуна чейин өзгөчө режимде кабыл ала баштаганын Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Түн ортосуна чейин декларацияларды кабыл алуу майрам жана дем алыш күндөрдү кошпогондо 28-февралга чейин улантылат. Мындан улам декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөрүнө аны 18:00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Мекеменин маалыматына ылайык, 20-февралга карата 62 миң 839 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырганы белгилүү болду. Анын 12 миң 741и юридикалык жак, 38 миң 648и жеке ишкер. Ал эми 9 миң 143ү жеке жак болсо, 2 миң 57си кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 250 адам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.
1-мартка чейин юридикалык, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу декларация толтуруулары керек. Салык кызматы өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салына турганын эскертүүдө.