Жогорку Кеңештин төрагасы Чолпон-Атадагы бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

Кечээ, 20-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Чолпон-Ата шаарындагы жана ага жакын жайгашкан айылдардагы бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спикер Ысык-Көл аймактык ооруканасына барып, “Алтын-Көл” пансионатынын абалы менен да таанышты. Ошондой эле Чырпыкты айылындагы мектептин курулушун да көрүп чыкты.

"Ысык-Көл аймактык ооруканасынын негизги имараты 1975-жылы салынып, ишке берилген. Бирок 33 жыл аралыгында имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2011-жылы гана Ысык-Көл өнүгүү фондусунун каржылоосу менен 18 миллион сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталып, оорукананын эшик-терезелери, канализация жана электр жарыгын берүү системалары жаңыртылган. Учурда аталган оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты да оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал үчүн 13 миллион сом акча каражаты керектелери эсептелген. Андан тышкары лабораториясын да тиешелүү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылчылыгы айтылды. Спикер андан ары “Алтын-Көл” мекемелик пансионатынын абалы менен таанышып, Чырпыкты айылындагы курулушу токтоп калган мектептен да кабар алды. Он жылдан бери курулушу уланып келе жаткан мектеп имаратын толугу менен бүткөрүү үчүн 22 миллион сом керектиги белгиленди. Бирок бюджеттен жыл сайын аз өлчөмдө гана акча каражаты которулгандыктан, курулушу дагы деле уланууда. Жумабеков аталган көйгөйдү чечүүгө көмөктөшөрүн убада кылды”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан