"Кыргызгидрометте иштегендердин орточо айлыгы 8 миң сомду түзөт", - деп бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев метеорология боюнча адистерди кайсы окуу жайлар даярдай турганын сурады.
Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, аталган агенттикте 500 кызматкер иштейт.
"Кыргыз-Орус Славян университетинде жана Кыргыз улуттук университетинде даярдайт. Агенттикте 500 адам иштейт. Азыркы тапта адистер жетиштүү деп айта албайбыз. Мындан 2 жыл мурун бизде айлык маяна 3-4 миң сом болчу. Эми жаш адистер келип жатат. Учурда 30 бош орун бар", - деп жооп берди.