АКШнын Вашингтон шаарында вандализмге айыпталган Кыргыз жараны сотко барган жок. Анын себебин министрлик түшүндүрдү

АКШнын Вашингтон шаарында мурдагы президент Авраам Линкольндун мемориалына өзүнүн атын чийип жазган Кыргыз жараны Нуртилек Бакиров сотко келбегенин жергиликтүү басылмалар жазышты. Мунун себебин билүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп узатышты.

"Окуя болгон учурда Нуртилекке биздин кызматкерлер жардам беришкен. Сот отурумуна чейин анын эки жакка чыгууга укугу бар болчу. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Нуртилек Орусияга кеткен. Визасынын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн кайра АКШга кире албай калган. Эгер күнөөлүү деп табылса, чоң суммадагы айып төлөмөк же жок дегенде 2 жылга камалмак", - деп билдиришти аталган министрликтен.

Эске салсак, 21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров өткөн жылдын 18-сентябрында АКШнын Вашингтон шаарында мурдагы президент Авраам Линкольндун мемориалында анын айкелине өзүнүн атын чийип жазган деген айып менен кармалган. Бул туурасында "New York Daily News" басылмасы жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2018-02-21 14:01:08
Барбай коюш керек Америкага
+6
AKCAHAT
2018-02-21 18:12:27
futboler,кааласа дагы Эми кире албайтко
0
mratbashy
2018-02-21 16:49:50
Не дейбиз XXXX президенти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан