Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев метеорологиялык станциялардын иши 2-3 жылда толугу менен автоматташтырыла турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 33 метеорологиялык станция иштейт. “2017-жылы метеорологиялык станциялар заманбап жабдыктар менен камсыз болуп, автоматташтырылган. Ошону менен катар эле кол менен дагы эсептөөлөр болууда”, - деди Асанкожоев.
Мындан тышкары Асанкожоев аталган агенттикте 500 кызматкер иштей турганын кошумчалады.