Дастан Бекешев: "Бишкекте кечинде түтүндүн айынан дем алганга мүмкүн эмес"

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын экологиясынын абалы боюнча ким жооп бере турганын сурады.

“Мен буга чейин бул маселени көтөргөм. Мага өкмөттөн кат келди. Экологиянын абалы боюнча мэрия, өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы карайт экен. Бир дагы тейлеген орган жок. Аты аталган органдар эмне менен алектенишет?” – деп сурады депутат.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаевдин айтымында, аталган инспекцияга көзөмөлдөө функциясы берилген. “Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги саясат боюнча иш алып барат. Кыргыз гидрометеорология агенттиги мониторинг жасап, бизге маалымат берет”, - деди Артыкбаев.

Дастан Бекешев Бишкек шаарында кечинде түтүндүн айынан дем алганга мүмкүн эместигин айтты. Депутат буга ким жооптуу экенин сурады. Бирок жооп болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
mr.sher
2018-02-21 11:09:20
Жакында сенин айынан жашганга да мумкун эмес болуп калабы дейм да. Ушул адамга эчтемке жакпайт тооба тан калам да.
+4
Suzak12
2018-02-21 11:19:05
mr.sher,Эн туура айтасын
+2
aerforce
2018-02-21 23:48:44
mr.sher,туура айтасын жакшы эле суйлойт бирок ашыкчада суйлоп жатат
0
erikkarakulja
2018-02-21 11:23:09
ошон учун турак жай квартира ала тургандарга сунуш Кок Жар мкр, алгыла абасы ар дайым таза район,
+1
daniel87
2018-02-21 11:28:48
erikkarakulja,баалары асман чапчып жататко
+2
barakcha
2018-02-21 13:37:10
erikkarakulja,Тунгуч мкр.райондун дагы абасы таза.Бирок,квартиралары кымбат!
0
Kyrgyz_bloger
2018-02-21 11:35:54
Бишкекте абаны булгай турган кыйратып ишканалар деле жок ошол эле байлардын чиновниктердин бензинди коп ичкен машиналары булгап жатат да
+3
zevs
2018-02-21 11:56:38
kitayga barsa jawabaym dep janjal kylyp turup almakko bul baykebiz. kitayda tutundon tuman bolup asman korunboytko.
+2
kuba.kq8705
2018-02-21 12:03:56
кыларга ишин калбагансып таза аба деп тимеле элдерди карабайсынбы корустондо жашап жатат таза суу жок болуп жатса биякта
+2
Shef87
2018-02-21 12:08:50
Депутат дастан бекешев тажатчу болду
+1
maks94.kb
2018-02-21 12:25:53
Кудайга шугур дечи урматтуу депутат мырза ушунча кыргыз ушул кезге чейин дем алып эле келе жатат
+2
Bilal2013
2018-02-21 12:59:23
Калп эле бензиндин баасын которуунун политикасын кылып жатышат.
+2
mratbashy
2018-02-21 14:14:45
Бул деген мага жаны чоон квартира керек дегени да неге тушунбойсунор тигине элитный квартирасы барлар жон эле отурбайбы
0
bond0202
2018-02-21 17:13:02
кымбат бензинин алып келип саталбай аябай кыйналдыда ушул депутатыбыз
+1
Azatbek83
2018-02-21 23:50:29
Бир демекчи айталбай кыйналдыго кыйратып заводдор болбосо!Эмне кондиционер алып бергиле бюджеттен деп айта албай жатабы соз эркиндигин токтотсон табигат жаратылыш сени бууп токтот!Кысказы Эл суйлосо да сен суйлобой эле койчу ХХХХ!!!!
0
Rifle_I
2018-02-22 00:33:41
Бүт ушу депутаттардын жолтандабастары булгап жатат. Калгандары эптеп тырмышып жашашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан