2017-жылы өндүрүш, кайра иштетүү тармагында өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүчтү Жалал-Абад облусу камсыздады

2017-жылы өндүрүш, кайра иштетүү тармагында өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүчтү Жалал-Абад облусу камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков коллегиялык жыйында билдирди.

"2017-жылы 231 миллиард 2 миллион сомдук өндүрүш чыгарылып, бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга жогорулаганы байкалган. Көрсөткүчтөрдүн негизги бөлүгү алтын өндүрүштөрүнө тийиштүү. 2017-жылы өндүрүш тармагында Баткен облусу 115,4, Жалал-Абад облусу 144,1, Ысык-Көл облусу 102,3, Нарын облусу 102,6, Ош облусу 108,5, Талас облусу 109,7, Чүй облусу 113,2, Бишкек 101,6, ал эми Ош шаары 114,5 пайыз көрсөткүчтөргө жеткен. Бул металл, нефть өндүрүүдөн, жабдууларды чыгаруудан, тигүү тармагынын желим идиштерди кайра өндүрүү тармагынан байкалган", - деди Орозбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ziash85
2018-02-21 11:49:30
Дагы да алдыга умтула бер Жалал-Абадым!
+3
Okna
2018-02-21 12:02:43
ООО сонун Ж-абадым Кыргызстаным оркундойбер особер!!!
+4
alikgz
2018-02-21 16:11:11
Жаштардын Шаары жалал-абад алга,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан