2017-жылы Кыргыз өлкөсүнөн 1 миллиард 790 миллион долларлык товар экспорттолгон

2017-жылы Кыргыз өлкөсүнөн 1 миллиард 790 миллион долларлык товар экспорттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков коллегиялык жыйында билдирди.

"2017-жылы өлкөдө өндүрүлүп, экспорттолгон продукциянын көлөмү 1 миллиард 790 миллион 700 миң долларды түздү. Бул тармакта план 113,8 пайызга аткарылды. Анткени экспорттун көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 217,5 миллион долларга көп болгон. Анын ичинен баалуу металлдар 39,6 пайызын түзөт. Ал эми товар жана сырьёлордун көлөмү 13,6 пайыз, тигүү жана бут кийимдер 12,4, минералдык азыктар 8,5, машина жана жабдуулар 8,7 пайызды түзөт", - деди Орозбеков.

Маалыматка ылайык, тигүү тармагынан экспорттолгон товарлардын көлөмү 138 миллион долларды түзүп, бул 2016-жылга салыштырмалуу 19 пайызга жогорку көрсөткүчтү камсыздаган. Тигүү тармагындагы өндүрүштөрдүн 80 пайызы Казакстанга жана Орусияга экспорттолот.

Белгилей кетсек, бүгүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети коллегиялык жыйын өткөрүүдө. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanimet.95kg
2018-02-21 17:34:31
Аа импортту айтканга эркинер жетпеди, ээ? ;)) Жыйында жалаң жакшы корсоткучторду айтып мактанып калгыла да!! Как будто озунор кылгандай. Кыскасы аман эле болгула да

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан