"Былтыр экотехинспекция тарабынан Ысык-Көлдөгү 9дан ашык пансионатка эскертүү берилди" деди Расул Артыкбаев

Былтыр Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Ысык-Көлдөгү 9дан ашык пансионатка эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда 160 пансионат иштейт. Ошондой эле ал мейманканалар дагы бар экенин билдирди. “Кээ бир пансионаттарга айып пул салынды. Сезон башталардын алдында пансионаттар текшерилет. Былтыркы кемчиликтер боюнча берилген эскертүүлөрдү дагы карайбыз”, - деди ал.

Учурда жыйында “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан