Депутат Сабиров: "Быйыл Ысык-Көл облусундагы канализацияларды оңдоого 50 миллион доллар бөлүнөт"

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев канализация системи Ысык-Көл облусундагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири экенин айтты.

"Чолпон-Атадагы, Балыкчыдагы, Тамчыдагы канализацияны оңдоо керек. Быйыл канализация системин оңдоого канча каражат бөлүндү?" - деп сурады Жанар Акаев.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров бул маселе боюнча Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен сүйлөшүп келгендерин айтты. "Быйыл канализация системин оңдоого "Кумтөр" 50 миллион доллар бөлүп берет. Ысык-Көл районунан 4 айыл, Жети-Өгүз районунан 2 айылдын канализациясы оңдолот", - деди Сабиров.

Мындан тышкары Сабиров Ысык-Көлдөгү таштандылар жүрөгүн оорутуп жатканын кошумчалады. "Таштандылар жүрөгүмдү оорутуп жатат. Кудай буюрса, кагаз баштыктарды колдонуу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат", - дейт Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2018-02-21 12:20:49
Катуу контроль керек болунгондон кийин. Дагы тендерден кытай компаниясы утту эле азыр ал компания банкрот болуп жабылып жаны ат менен дагы деле биринчи орунда болбой!
+1
jaazira13
2018-02-26 22:10:26
RusMos76,туура облусту онуктуруу фондун эмне кылышты? эч ким жооп берген жок
0
RusMos76
2018-02-21 12:22:40
Аягында канализация келип кайра колго куюлбай тургандай болсун!
+2
Dalil
2018-02-21 12:49:49
Бийликтегилерге айтаарым көлдүн жээгин пляж катары иштеткен ар бир ишкерге даараткана куруу жагын да милдеттендирсеңер жакшы болмок. Менин укканым боюнча кээ бир акчасы арзан жерлердин дааратканалары жок экен. Даараткана жетишсиз болгондуктан заарасын көлгө коё бергендер көп деп айтылат. Көлгө барып көрө элекмин. Жакшы шарттар түзүлсө көлгө барып эс алып келгени эмне жетсин.
+2
nurbekasr
2018-02-21 12:57:33
Азаматтар кеңири жеп тоет экенсиңер дагы .Ушул акчаны Аллахтан коркуп туура багытта пайдалансаңар жакшы болмок.
+2
Rifle_I
2018-02-22 00:29:55
50млн$ Кыргызстандагы шаарлардын баарына жаңы канализация курулат болуш керек.(Бишкекти эске албаганда)

Так өзүнө керектелчү чыгып 10-15млн$ , калганы жепжутарлардын тамагына тыгылып калса экен.
0
jaazira13
2018-02-26 22:06:12
акча сурагандан короо, экологияны бузган пансионаттар менен курошушсо боло?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан