2017-жылы өлкөдө кайсы тармактарда өндүрүштүн көлөмү төмөндөп кеткендиги айтылды

Бүгүн, 21-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети коллегиялык жыйын өткөрүүдө. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышып жатат. Анда аталган мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков 2017-жылы өлкөдөгү кайсы өндүрүш тармактарынын көрсөткүчтөрү төмөндөгөнүн айтып берди.

"2017-жылы өлкөдө компьютер, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүүнүн көлөмү 65,5 пайызга кыскарды. Мындан тышкары жыгач жана кагаз өндүрүү, полиграфиялык ишмердүүлүктөр 0,4 пайызга, ал эми электр энергиясынын жабдууларын өндүрүү 12,3 пайызга азайган. Бул кыскаруулардын негизги себеби, тармактарды өнүктүрүүгө каражаттын жетишсиздиги, жергиликтүү өндүрүштүн атаандаштыкка туруштук бере албай жатышы жана буюртмачылардын аз болуп жаткандыгына байланыштуу", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан