Аскарбек Шадиев: "Кыргызгаздын" бир долларга сатылганы туура чечим болгонун бүгүн эч ким айтпай жатат"

"Кыргызгаздын" бир долларга сатылганы туура чечим болгонун бүгүн эч ким айтпай жатат", - деп бүгүн, 21-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев айтты.

"Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгондо биз, баарыбыз "Кыргызгаздын" бир долларга сатылганы туура чечим болгонуна күбө болдук. Эгер саясий чечим болбогондо, биз бир долларга бербегенде, маселе мындан да оор болмок. Бүгүн бул тууралуу эч ким айтпай жатат. Ошол учурда көп адамдар бул чечим туура эмес деп айтып чыгышкан. Бүгүн алар өз жаңылыштыгын моюнуна алып, туурасын айтпай жатышат. Анткени ЖЭБде авария болгондон улам 25-29-январда шаарда газ пайдалануу 40 пайызга жогорулаган", - деди Шадиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Derzki_kyrgyz
2018-02-21 14:04:37
Авариянын болгону да туура деп чыккыла эми. Мен сизди жердешим деп журсо сиз да окшошподунуз. КыргызГаз бир долларга сатылды. Бугун жакшы иштеп атат. А дагы 10жылдан кийин газдын баасын каалагандай которбойт деп ким кепилдик берет
+1
Too-tash
2018-02-21 17:38:23
Бийликте сага окшогондор бар экен, Кыргызстан онугуунун ордуна кайра талкаланат....
-1
Too-tash
2018-02-21 17:49:58
Бул Шадиев деген немени бир омурго камаш керек!!! Кайсы бети менен чооон ишкананы бир долларга сатканын мактанып айтып жатат?!!

386 миллион долларды "жеп" алышканын эмнеге ачык айтышпайт?!! Ошол акчага жапжаны ТЭЦ курса болоор эле... Ошол акчаны жеп алып эми эмнени айтып дооруп отурат бул Шадиев деген жепжутар?!! Мин наалат сага, Кудайымдын сага корсотоору бардыр.....
0
Kemel29101981
2018-02-22 02:35:58
Ооба, эми ТЕЦти 1 долларга саткыла. Бетинер бет экен го, отставкага кеткендин ордуна бир-биринердин арканарды бекитип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан