Депутат Сабиров: "Ысык-Көлгө туристтердин келгенине сүйүнбөйм"

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдөн 300 метрден кем эмес аралыкка капиталдык курулушка тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Махабат Мавлянова дүйнөдө мейманканалар суунун үстүнө курулуп жатканын эскертип, мындай тыюу салууга каршы экенин билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Максат Сабиров: "Сиз Ысык-Көлдү океандарга, чоң мамлекеттерге салыштырып жатасыз. Биздин кичинекей көлүбүз бар. Касиеттүү Ысык-Көл деп бекеринен айтпайбыз. Ачыгын айтсам, Ысык-Көлгө туристтердин келгенине деле сүйүнбөйм. Кандай талкалануулар болуп жатат. Кышында барсаңыз көлдөн бөтөлкөлөр, баштыктар чыгып калат. Мынча турист келди деп айтабыз, бирок шарт түзүлгөн эмес. 300 метрден кем эмес аралыкка капиталдык курулушка тыюу салынбаса, 10 жылдан кийин көлдүн жээгине мейманканалар курулат. Ошондо ресторан, кафелер көлдү кандай булгай турганын көрүп, бармагыбызды тиштеп калбайлы", - деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aiba.8327
2018-02-21 14:01:07
Сабиров бул жагын туура суйлоп жатат эртен кеч болуп калат деп мен 100% пайыз кошулам азамат жок дегенде колду ойлоп койгула атка минерлер....
+20
Dalil
2018-02-21 14:33:39
Көлгө келген туристтер саналуу ишкерлердин чөнтөгүнө пайда келтирбесе башкасына пайдасы да жок. Туура айтып жатат кереметтүү көлүбүздүн тазалыгын келечегин да ойлогонубуз дурус болот.
+10
Azatbek83
2018-02-21 14:38:45
Азамат Максат Сабиров туура айтыптыр! Тиги мовлянова кыялданбай эле койсун!Башка олкого тенебей АК уй сот органдары тазаланып алмашса ошондо биз башка олколордой онугобуз!
+7
ainur78007
2018-02-21 14:59:30
Туристтерден мурун өзүбүз булгап жатабыз.
0
tyrgon
2018-02-21 15:02:54
туптура айтыптыр, бирок уже эле кеч болуп баратат, колдуктор колго деле тушушпойт и булгабайт дагы чет жактан келгендер булгашат мисалы мен колдукмун туугандар менен тоого колго барсак артыбызды тазалап кетебиз чуйдон жаш балдар коп келишет мас болушуп колдун устунон тамеки чегишет да анан таяк жеп кетишет
+1
Azatbek83
2018-02-21 16:21:34
tyrgon,озун жазганынды озун тушундунбу?Шашылбай теманы окуп анан жаз туристер десе чуйлуктор дейсинда туристер чет олкодон келгендер. Кол Кыргызстандыктар учун баарыбыздын колубуз башка областан барса эле турист болуп калабы?Ойлонуп дабдыраб дорубой болунбой жон жаз!
-3
karakulja
2018-02-21 15:09:00
Тазалык тазалык жана тазалык!
Пломбир морожнийге окшотуп пиво коланын бутылкасын да жей тургандай кылып койгула
+3
nargiz-sa
2018-02-21 15:46:04
Туура колдун устуно курулуш курууга тыюу салуу кк
+4
taku1414
2018-02-21 16:59:22
Колдун жээгине жакшы туалет да салып коюшпайт. Келген туристер колго заара кылып кетишет.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан