Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова эл өкүлдөрү менен коштошуу сөзүн айтты.
"Биздин Баш мыйзамыбызда Кыргыз мамлекети укуктук, демократиялык мамлекет деп жазылган. Көз карандысыз сот болбосо, бул жөн гана кыял катары кала берет. Сот реформасы канча алдыга жылса, мамлекет ошончо өнүгөт. Бул коррупциялашкан, өз позициясы жок соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Биринчиден, мыйзам, экинчиден, күбөлөрдүн бардыгы мен тарапта болгонуна карабай сот укуктук эмес, саясий, адилетсиз чечим чыгарды. Саясат менен мыйзамдын ортосунда тандоо болуп жатса, сот сөзсүз түрдө мыйзамды тандаш керек. Ал андай чечимден коркпош керек. Бүгүнкү күнү сот системи түп тамыры менен чиригени көрүнүп калды. Айылда, шаарда өч алам деген бийлиги, байлыгы бар адамдар толтура. Алар да көптөгөн адамдардын убалына калып жатышат. Бүгүнкү күнү Башкы прокуратура, сот жана УКМК биригип иш алып барууда. Мен Башкы прокурор болуп турганда ар бир орган өзүнүн иштерин аткарчу. Бүгүнкү күнү сот системи менен Башкы прокуратура биригип, саясий бандитизмге айланды.
Сот жана укук коргоо органдары бийликти пайдаланып өч алды. Бала бирөө менен мушташып күчү жетпей калганда агасын ээрчитип келип өч алганга барабар болду.
Менин бир нече мыйзамдарым кабыл алынбай калды. Урматтуу депутаттар, мыйзам долбоорлорумду колдоп бериңиздер. Депутат болгонума эки жыл болду. Абдан чоң тажрыйба топтодум. Баарыңарга ыраазычылык билдирем", - деди Салянова.
Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. 19-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов аталган комиссияга Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түшкөнүн билдирген.