Өзбекстанга экспорттолуп жаткан электр энергиянын баасы март айынан тартып кымбаттайт

Өзбекстанга экспорттолуп жаткан электр энергиясынын баасы март айынан тартып кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, март айынын аягына чейин Кыргыз тарап Өзбекстанга 550 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорттойт. Учурда экспорт болгон электр энергиясынын көлөмү 1 миллион 143 миң киловатт саатты түзүп, 2 центтен берилүүдө. Март айынан тартып Өзбекстан 2,4 центтен сатып ала баштайт. Коллегиялык жыйында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев алдыдагы 5 жылда электр энергиясын керектөө жогорулай турганын айтты.

"2020-2023-жылдары электр энергиясынын тартыштыгы 500 мегаваттка жетиши мүмкүн. Уурдай тургандар уурдашты. Эми биз кырдаалдан чыга албай жатабыз. Белгилүү болгондой, энергетика тармагына миллиард доллардан ашык каражат салынды. Эми тартипке келиши керек", - деди Шадиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2018-02-21 16:55:45
Жаз келди очуруп койсон деле озбек озун озу эптеп кетет декабрга чейин
0
Kanat21BEK
2018-02-21 16:57:30
Мегабайт менен Мегаватты чаташтырып алган го)))))
-1
tular
2018-02-21 17:50:35
Шадиев убагында озу радиоактивный комурлорду Казакстандан сатып келген эле. Эми уурдагандар деп кантип уялбай айтып жатат?! Ошол уурулардын арасында озу да табакташ да...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан