Шадиев энергетика, тоо-кен, өнөр жай тармагын тартипке келтириш үчүн укук коргоо органдары тартыларын айтты

Бүгүн, 21-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйыны өттү. Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев энергетика, тоо-кен, өнөр жай тармагын жакшыртууга көңүл буруларын, тартипке келтирүү үчүн укук коргоо органдары тартыларын эскертти.

Шадиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына жана орун басарларына кайрылып, тоо-кен тармагын тартипке келтирүү зарылдыгына токтолду.

"Сиздер тоо-кен тармагында иштеген компаниялардан түшкөн салыктар 200 миллион сомдон жогору болгонун, сынактардан түшкөн салык 82 миллион сом болгонун айттыңыздар. Бул сумма тоо-кен тармагы үчүн өтө аз. Сиздер аны сыймыктанып айтып жатасыздар. Бишкекте анча чоң эмес соода үйлөрүнүн салыгы канча?" - деп тынчсызданды Шадиев.

Ал комитеттин жетекчилерин жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

"Сиздердин жумушуңуздарга байланыштуу кеп-сөздөр айтылып жүрөт. Тартипке келтирүү үчүн биз бардык укук коргоо органдарын тартабыз. Ушул жерде жетекчинин үч орун басары отурат. Эгер жумушту силер жасабасаңар, башка жасай алчу адамдар жасайт. Силерге ачык айтайын, мен бөлмөдө отуруп сүйлөшкөндү жактырбайм. Эмне үчүн биздин баалуу металлдар бул жерде кайра иштетилбей сыртка ташылып жатат? Биз алтын концентраттарын кайра иштете турган мекеме куруу боюнча чечим кабыл алышыбыз керек. Эгер бул 10 миллиондогон киреше бере турган болсо, аны куруу керек. Куруу учурунда экология маселесине көңүл буруу зарыл. Эгер ал экологияга коркунуч келтире турган болсо, куруунун зарылчылыгы жок", - деди Шадиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан