Өкмөт башчы Сапар Исаков "Ага-хан" өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы "Ага-хан" өнүктүрүү тармагынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Нарын шаарындагы жаңы мейманкананын, мектептин жана турак жайлардын курулушун, Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты биргелешип реконструкциялоону талкуулашкан. Мындан сырткары жакынкы мезгилдеги биргелешкен кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланган.

Өз кезегинде Шамш Кассим-Лакха, мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык тармактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы "Ага-хан" уюмунун артыкчылыктары менен дал келерин айткан. Ал мындан аркы ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтыкка даярдыгын да билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Salixa.
2018-02-21 15:12:53
Бизге бул уюмдун эки тарап кызматташтыгы эмес өздөрүнүн КР да болгону да керек эмес эле!
+4
MUHLISA
2018-02-21 15:22:22
Булар, кимдер менен сүйлөшүп иш бүтүрүштү билишет. ...

Кызматташтыгы мага да жакпады.
+5
gute
2018-02-21 15:25:47
Нарынга Университет куруп ачышты Суйунуп жаттык эле ошол жерден окуйбуз деп. Контрактын баалары оозунду ачырат кымбат аябай жергиликтуу карапайым калк балдарын ал университеттен окута алышпайт.
+3
Muslim_KGstana.
2018-02-21 15:48:44
Кооойгула негатив ойлорунарды/эч нерсени тушунуп тушунбой коммент жаза бербегиле/силер билбейсинер да чынында Ага-Хандын элге канчалык пайдасы тийип жатканын
-8
Nokia
2018-02-21 16:42:57
Muslim_KGstana.,кечиресизго бул Ага-Хандын Кыргызстанга пайдасы тийбейт. бекер нерсенин артында бирдемкеси бар
+5
gulya583
2018-02-22 02:18:29
Агаханды секин чыгарыш керек, булар мусулман эместер. Адаштыруучулар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан