Баткенде баасы 5 миллион сомдон ашкан аткезчилик жүк кармалды

Баткенде баасы 5 миллион сомдон ашкан аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Түштүк” ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү машина токтотулуп текшерилген. Унаанын жүк ташуучу бөлүгүн текшерген учурда бажы көзөмөлүнөн тышкары өлкө аймагына алынып келгени аныкталып, ичинен бир жолу колдонулуучу сакал алгыч, лезвия, Пакистанда өндүрүлгөн зире майы, АКШда өндүрүлгөн дарбыз уругу табылган. Товардын жалпы суммасы 5 миллион 209 миң 220 сомду түзгөн.

Иштин материалдары иликтөө үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek83
2018-02-21 23:30:05
Бул акчалар алты жыл бойу кимдин чонтогуно кирип жатты? Ишенген жнындагы жургондорун кочугунду ачышып жатышатко!Кыныр иш кырк жылда билинет! Назарбаев бекер айтпаган билип айткан контрабанда кыласынар деп!Угуп чычалады эле!Текебаев айткан жетелеп барып корсотом ууруларды деп!Мына оздору чекесинен чыга башташты уят уят уят!Аква тушпой карыздарды доолай баштады 90 догу кемпирдин уйун саткын деп УЯТ ПАЗОР!!!!! Пайдасынан зыяны кооп тийди дагы деле озгоруш жок!!!!!
0
KDM.Asylbek
2018-02-21 23:31:24
Эмнеге Кадамжайдын прокуратурасына эмес?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан