Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгууда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Аалы Карашев билдиргендей, пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайларды талап кылат. "Мындан улам жарандар үчүн зарыл документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүүнү сунуштап жатабыз", - дейт Карашев.
Аталган фонддун башчысы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, пенсия чектөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ыраатташтыруу максатында азыр жарандардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө. “Эми пенсиялык документтерди аталган фонд өзү даярдай баштай турганын, пенсияга чыкчу жарандар арыз берүү менен эле чектелет”, - дейт Абжапаров.