Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метрден аз аралык капиталдык курулушка тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечи депутаты Максат Сабиров билдиргендей, СССР убагында Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метр аз аралыкта курулуштарга тьюу салынган. "100 метр деген ченем менен көлдүн экологиясына зыян келтире турган ар кандай курулуштар курулуп кеткен. Ошондуктан сунушталган мыйзам долбоору менен Ысык-Көлдөн 300 метрден аз аралыкка капиталдык курулушка тыюу салуу жөнүндө ченем киргизилүүдө. Көлдөгү экологияны сактоого кошумча шарт түзүлөт", - деди ал.
Мыйзам долбооруна 56 депутат “макул”, 54 эл өкүлү “каршы” добуш берди.