Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында унааларды каттоо мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаковдун айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан. “Анда автоунаа ээси унааны каттатуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн 80 эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөөсү каралган. Ал эми юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынмакчы. Мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү сунуш кылынууда", - дейт Манас Сарымсаков.
КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева элдин мүмкүнчүлүгү эске алынбай эле каттатуу эрежелерин сактабаган жарандарга айып пул 2 миң сомдон 8 миң сомго көтөрүлүп жатканына нааразычылыгын билдирди. Депутат айып пулдун көлөмүн жогорулатуу автоунаа ээси менен тиешелүү кызмат адамынын ортосундагы коррупциялык мамилеге алып келе турганын айтты.