СУПЕРСТАН: "Өзүмдү күзгүдөн көрүп алып уялам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким эмнеден уялат?" деген тема талкууга алынган. Автор: "Дүкөндөрдөн кыздар кийим тандап жатканда "и-ий, бутумдун кыйшыгы билинип калат", "толуктугумду билгизип салат", "боюм кыска да" деген сөздөрдү көп угам. Менде да ушуга окшогон комплекстер бар. Кыздар, сыр бөлүшсөңөр, силерде да ушундай учурлар болобу? Алардан канткенде арыла алабыз?" - деген суроосун калтырган.

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Боюң канча?" деген суроону уксам эле кыжырым кайнай берет, уялам. Ылдыйдан өйдө карай берип тажадым. "Ай-ий, ай! Куурчактай кичинекей турбайсыңбы! Кибиреген, кипкичинекей болгон" деген сөздөр көкөйүмө тийди. Төрөлгөндө "мага 150 сантиметр бой, 45 килограмм салмак бер" деп кестирип алган эмесмин да".

"Эч нерседен уялбайм, эч кандай кемчилигим жок. Жаратканга миң жолу шүгүр деп жашайм".

"Мен балдар менен дос катары уялбай эле сүйлөшө берем, бирок мен ага жагарымды билгизип койсо эле оозума талкан салып алгансып сөзүмдү таппай калам. Ушул уялчаактыгымдан таптакыр арыла албай койдум".

"Дене түзүлүшүм үчүн уялбайм, бирок уяттуу жерлерди жаап жүргөн жакшы. Жараткан берген дене мүчөлөрүмө миң мертебе шүгүр, жакпайт деп Кудайдын бергенине шек келтиргенге акым жок. Мурда кетирген каталарым үчүн уялам, бирок ошол катачылыктарды оңдоо үчүн чыгарган ар бир жыйынтыгым үчүн сыймыктанам".

"Өзүмдү күзгүдөн көрүп алып уялам".

"Жаратканга ыраазымын, алты саным аман, башка эмне керек?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kasym_1
2018-02-21 21:13:18
Мен уялбагандардан уялам :)
+6
Medina87
2018-02-21 21:21:49
Боюм узун деп убагында уялчумун(рост 170,размер 48,салмак 60) эле. Бир далай жыл болду салмак 55те журом.
Бой тууралуу соз болсо " Оо,бой дегенде биринчиликти бербейм го"- деп тамашалачумун.
Генге да карайт турбайбы. Кудайга шугур "Теректей бойду да берди, теменедей эмес тээгеле озумо жетерлик ойду"-да берди.
0
futboler
2018-02-21 22:04:42
Значить сен депутат окшойсуң
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан