Британиялык куудул, журналист Луиза Бимонт мурдагы күйөөсүн тамаша кылганы үчүн сот жообуна тартылды. Ал 2017-жылы «Hard Mode» стендап-шоу аткаруу учурунда мурдагы жолдошу Томас Рей менен ажырашканын коомчулук алдында тамашага салган. Үлпөт тоюндагы видеодон кыска сюжетти да көрсөткөн.
Жубайынын бул жоругу үчүн Томас Рей аны 30 миң фунт стерлинг (40 миң 641 доллар) айыпка жыгып, мындан ары эл алдында ал тууралуу сөз кылбоосун талап кылды.
Бимонттун айтуусу боюнча, ал 2 эле жолу күйөөсү тууралуу тамаша кылган. Ал мындай тамашасы менен мурдагы жолдошун басмырлайын деген эмес. Болгону үй-бүлө урагандагы кайгыны чагылдырып, адамдар ажырашууда кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөрүн көрсөтүп бергиси келген. Анын тамашаларын көргөн мурдагы жолдошу арызданганда ошол замат эле өчүргөнүн айткан.
Ал эми Бимонт сот жообуна тартылганын ушул жылдын 30-январында билген. Сот мөөнөтүн жылдыруу үчүн куудул коомчулуктан каражат топтой баштаган. Мурдагы күйөөсүнүн доосун Луиза Бимонт ага карата сөз эркиндигин чектеп жатат деп баалаган.
Томас Рейдин жактоочусунун билдирүүсүнө караганда, Бимонт ажырашкан жолдошу тууралуу жеке маалыматтарды тараткан.
Учурда сот кимдин пайдасына чечери белгисиз. Луиза Бимонт кайсы бир убакта Кытай өлкөсүндө жашап, "Би-би-си" телерадиосунда эмгектенип, документалдуу тасма тарткан жана сүрөтчү Ай Вэйвэй менен чогуу иштешкен.