50 батири бар делген Михаил Курганов: "Мындай маалыматты эч ким тактай алган эмес, анткени ал батирлер жок"

"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары Михаил Курганов анын 50 батири бар деген маалымат боюнча пикирин билдирди. "Мындай маалыматтар чындыкка такыр дал келбейт" деди ал бүгүн, 21-февралда өткөн маалымат жыйында.

Анын айтуусуна караганда, мындан бир жыл мурун да бул боюнча депутат Мирлан Бакиров тарабынан маселе көтөрүлүп, Башкы прокуратура жана Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясы текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында депутаттын айткандары аныкталган эмес.

"Менин 50 батирим бар деген маалымат буга чейин Жогорку Кеңеште 3 жолу айтылган. Бирок бул маалыматтар боюнча Башкы прокуратура жана мамлекеттик Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан иликтөө жүрүп, аталган маалымат такталган эмес. Бир сөз менен айтканда ал батирлер таптакыр эле жок", - дейт Курганов.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров "Бишкек жылуулук тармагы" компаниясынын башкы инженери Михаил Кургановдун 50 батири бар деп айткан. Депутаттын билдиришинче, аталган компания жылуулук тармагына туташтыруу үчүн ар бир объектиден бирден батир алып турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
toktor89
2018-02-21 18:53:38
Пара менен иштешпеген патриотмун дегендер текшерсе жон эле чыгат былыгын. Эгер олкомдон бир тыйын мыйзамсыз алсан ал тыйын ичинди тешип чыгаар
+3
Ermekbai
2018-02-21 21:26:46
Ар кимге каттатып койсо ким тастыктамак.
+2
Medina87
2018-02-21 21:38:25
Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат
+1
zevs
2018-02-21 23:51:48
taktabasa aytmak bele
0
syrduujan
2018-02-22 11:24:55
Жакшы териштирсе былыгы жыттанат да....ар кимге каттаса албетте актанат бул.....туууй ушунча жылуулук тармагы парага малынган немекенсинер...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан