Ош шаарына 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасын куруу үчүн 25 гектар жер бөлүндү

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай айылына барды. Мэриядан кабарлашкандай, ал үчүн 25 гектар жер бөлүнүп берилген.

“Быйыл өлкө башчысы "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялап, “Жаңы доорго кырк кадам” долбоору кабыл алынды. Анын алкагында жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу аракетинде инвесторлорду тартып жатабыз. “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсы тарабынан Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүп бердик. Бул кадам келечекте 7 миң жумуш оруну менен шаардыктарды камсыз кылат”, - деди Кадырбаев.

Ошондой эле тигүү фабрикасына кошумча жумушчуларга социалдык объектилер жана жатакана курула тургандыгы пландалууда.

Ага улай Кадырбаев Манас-Ата аймактык кеңешине барып, “ЖБИ-20” өндүрүш ишканасынын куруу пландары менен таанышты. “ЖБИ-20” өндүрүш ишканасынын жетекчиси Чыңгыз Исмаиловдун айтымында, бир жолку жука баштыктарды жана эт азыктарын кайра иштеп чыгаруучу фабрика болот. Ошондой эле ишкана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Uulka9293
2018-02-21 22:08:04
Жакшы жанылык! Эми ишке ашсын деп тилейли...
+7
Medina87
2018-02-21 22:12:57
Каржынар болсо кургула да Кыргызымдын жаштарын эмгек менен камсыздагыла талаалатпай!
Илгери ХБК деген бар эле эсил кйран СССРдин кезинде 3 сменалап иштетип, жумушчуларынын баарын жатакана менен камсыздаган. Азыр кандай жагдайда экенин билип берууну Супердин жамаатынан суранып кетээр элем?
+6
aibars
2018-02-21 22:17:55
Жакшы жанылык, суйунгонумдон давлением которулуп кетти. Озубуздо эле жумуш орундарын тузсок болотко ушинтип.
+7
ikitaidesu
2018-02-21 22:47:44
Жакшы жаңылык, ишке ашып Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулсун!!!
+1
Tolkun555
2018-02-21 23:00:05
Болот экен го.кудай колдосун.
+1
zilish_kg
2018-02-21 23:17:33
Жакшы жанылык, ушундай чон ири фабрика, заводтордон башка областтарга да озунун онугуу перспективасына карап кургула...
0
Muslim_KGstana.
2018-02-21 23:22:43
Алга Кыргызстан,онугуу жолун ийгиликтуу боло берсин!!!
0
Elnura1997
2018-02-22 04:08:52
Ото керемет онолууга бир кадам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан