Малдын өлүктөрү көмүлгөн жайлардагы эрежелерди бузгандарга 5 миң сом айып салуу сунушталды

21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Мыйзам долбоорунун концепциясын жалпы жыйынга демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбакпаев алып чыкты. Анын айтымында, мыйзам долбоору мал-жандыктарын идентификациялоонун эрежелерин жана талаптарын, ошондой эле малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн көзөмөлдү, жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган. Ага ылайык, малдын өлүктөрү көмүлгөн жайлардагы тыюу салынган эрежелерди бузган жарандарга 5 миң сом айып пул салынмакчы.

Талкуу учурунда айрым депутаттар айып пулдун көлөмүнө каршы болушту. Депутат Айнуру Алтыбаева: "Айып пулдун көлөмү 5 миң сом деп көрсөтүлүп жатат. Бул сумма айыл жериндеги жарандарга өтө чоң акча. Ошондуктан анын көлөмүн азайтуу керек", - деп сунуш берди.

Депутат Мирлан Бакиров малды идентификациялоо иштери толук аягына чыкпай жатып, сунушталган мыйзам долбоору менен карапайым элге айып пул салуу туура эместигин билдирди. Бакиров алгач идентификация боюнча элге бардык шарттарды түзүп туруп, анан бул мыйзам долбоору сунушталса туура болорун кошумчалады. "Баарын жоопко тартып, 5 миң сомдон айып пул салыш керек дегенге мен каршымын. Ошондуктан мыйзам долбоорун артка чакыртып алып, кайрадан карап чыксак. Кыргыз мамлекетиндеги малдын этин экспорттоого каршы эмесмин, бирок жарандар үчүн бардык шартты алдын ала түзүү керек", - деди Бакиров.

Депутат Элвира Сурабалдиева малдын өлүктөрү көмүлгөн жайлар мамлекет тарабынан корукталбаган болсо жөнөкөй жаранга эмне үчүн айып пул салынышы керек деген маселени койду.

Айрым эл өкүлдөрү мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 1-январынан тарта белгилөөнү сунуш кылышты. Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан