Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясынан эскертүү берилгенине карабай ишкерлердин шагыл казуу аракети дале токтой элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев дарыянын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышуу учурунда эгер бул жагдайга жергиликтүү бийлик тарабынан өз учурунда чара көрүлбөсө, жаз жана жай айларында сел кырсыгы көптөгөн чыгымдарды алып келиши мүмкүн экендигин айтты.
"ӨКМ тарабынан канча эскертүү берилбесин, сел жана суу ташкындарынан коргоо максатында курулган дамбаларга жакын суу жээктеринен шагыл казуу иштери токтобой келет. Эгер бул жагдайга жергиликтүү бийлик тарабынан өз учурунда чара көрүлбөсө, жаз жана жай айларында сел кырсыгы көптөгөн чыгымдарды алып келиши мүмкүн”, - деди Равшан Рысбаев.
Кабарда белгиленгендей, азыркы мезгилде ушул эле Көк-Арт дарясында №4-коргоочу тосмонун 450 чакырым аралыгын кайра кылыбына келтирүү иши жүргүзүлүп жатат. Тосмонун бул аралыгы 2017-жылы жазгы суу ташкынында жарактан чыккан. Дамбанын сметалык баасы 25 миллион сом.
"Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чынгыр-Таш участкасында Кара-Дарыянын жээгиндеги №20-суу тосмосун куруу иши учурда жүрүп жатат. 350 метр келген суу тосмонун сметалык баасы, 28 миллион сомду түзөт", - деп билдиришти ӨКМдан.
Андан ары Равшан Рысбаев Ноокен районунда өткөн жылдагы селдин кесепетинен бузулган суу тосмолорду жаңылоо иштери менен таанышты.
Маалым болгондой, Арал айыл аймагынын Арал участкасында №2-тосмо жайгашкан. Учурда тосмонун жарактан чыккан 270 метр аралыгы курулуп жатат. Кара-Үңкүр дарыясынан жабыр тарткан Сакалды айыл аймагынын Кыргызстан участкасында №6-суу тосмонун 600 метр аралыгында курлуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Рысбаев курулуп жаткан суу тосмолорду март айынын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 28-декабрында мамлекеттик органдарга дарыялардагы шагылдарды колдонууга тыюу салуу боюнча тапшырма берген.