Муфтият ажылыкка берилген орундар толбой калгандыктан каттоонун мөөнөтүн узартты

Муфтият ажылыкка берилген орундар толбой калгандыктан каттоонун мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында жана Бишкек шаарында каалаган жарандар үчүн ажылыкка катталып, төлөмдөрүн төлөөнү 22-февраль күнү саат 9:00дөн кечки саат 16:00гө чейин узартылды.

"Ажылыкка барууну каалаган жарандар көрсөтүлгөн убакыттын аралыгында РСК Банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын төлөп, ажылык серверине катталуулары зарыл. Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Ош шаарындагы ажылыкка баруучу талапкерлер берилген квоталарынан ашып кеткендигине байланыштуу төлөмдөр узартылбай тургандыгын ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы маалымдайт", - деп билдиришти Муфтияттан.

Белгилей кетсек, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын 13-февралдагы отурумундагы чечимге ылайык, быйылкы ажылыкка барчу зыяратчыларды каттоого алуу 16-февралда токтотулган болчу.

Айта кетсек, быйыл Кыргыз өлкөсүнө зыяратчылар үчүн 5400 квота бөлүнгөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан